Эрдоган Албанияга барат

Эрдоган Албаниянын президенти Буяр Нишани тарабынан расмий салтанат менен тосулуп алынат

271970
Эрдоган Албанияга барат

Президент Р. Т. Эрдоган эртең Албанияга расмий сапар менен барат. Эрдоган Албаниянын президенти Буяр Нишани тарабынан расмий салтанат менен тосулуп алынат. Эрдоган жана Нишани жекеме – жеке жана делегациялар аралык сүйлөшүүдөн кийин келишимдерге кол коюшат жана биргелеше пресс – жыйын өткөрөт.
Албаниянын премьер – министри Эди Раманы да кабыл ала турган Эрдоган Раманын урматына бере турган түшкү тамакка катышат.
Президент Нишани менен Намазгах мечитинин пайдубалды түптөө аземине катыша турган Эрдоган андан кийин Презе мечитинин ачылышына катышат. Эрдоган кесиптеши менен Түркия – Албания биргелешкен иш форумуна катышат, форумдан кийин парламенттин спикери Илир Мета менен жолугушат. Негизги оппозициядагы Демократиялык партиясынын лидери Лулзим Баша менен юстиция, интеграция жана Биримдик партиясынын лидери Идристи кабыл ала турган президент Эрдоган Нишанинин урматына бере турган кечки тамакка катышат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар