Мустафа Акынжы Анкарада

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президентин Мевлүт Чавушоглу тосуп алды

263510
Мустафа Акынжы Анкарада

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Мустафа Акынжы президент болуп шайлангандан кийин биринчи сапарын Анкарага жасады. Акынжы оболу премьер – министр Давутоглу менен жолугушту. Чанкая сарайында өткөрүлгөн жолугушуудан кийин Акынжы мавзолейге барды. Акынжы бул жерде мавзолейдин атайын дептерине : «Ататүрк төңкөрүштөрүнө алгачкы күндөн баштап эч бир кыйноо болбостон жактырып ишке ашырып келген бир калктын президенти катары алдыңызда урмат – сый менен таазим кылам»,- деп жазды.
Тышкы иштер минисри Мевлүт Чавушогу Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президентинин урматына түшкү тамак берди.
Президент Р. Т. Эрдоган болсо Акынжыны саат 17де президенттик сарайында азем менен тосуп алды. Жекеме – жеке жана делегациялар аралык жолугушуулардан кийин эки лидер пресс – жыйын өткөрдү. Президенттик сарайында айрыкча Акынжынын урматына кечки тамак да берилет.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар