Бозкыр : «Армян диспорасы максатына жете албады»

Волкан Бозкыр Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүгүнөн баш тартпаганын да белгиледи

257877
Бозкыр : «Армян диспорасы максатына жете албады»

Европа Биримдиги министри жана башкы сүйлөшүүчү Волкан Бозкыр армян дооматтарына колдоо берген өлкөлөргө каршы чыкты жана : «Армян диаспорасынын 24 - апрелде жетүүнү каалаган максатынын ишке ашпаганын ойлоп жатам»,- деди. Волкан Бозкыр ТРТ Хабер жана спорт берүүлөрү мекемесинин төрагасы Насух Гүнгөрдүн күн тартибине байланыштуу суроолоруна жооп берип жатып армян дооматтары тууралуу : «24 - апрель артта калды, Түркия катары да биз муну көрдүк, ким Түркиянын досу, ким досу эмес экенин байкадык. Албетте мындан кийин булар дайыма эсте болот»,- деди. Бозкыр Түркиянын архивдеринин ачык экенин, каалагандардын келип буларды көрө аларын, ал түгүл биргелешкен комиссия түзүлө аларын айтты. Волкан Бозкыр Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүгүнөн баш тартпаганын да белгиледи. Чыгымга учураган өлкөлөрдүн кутулуусунун Түркиянын мүчөлүгүндө экенин айткан Бозкыр акыркы мезгилдерде Америка жана Европада бир күндө 500 миң кишинин жумушун жоготкон күндөрдүн болгонун, ошол эле күнү Түркиянын 6 миллион кишиге жумуш мүмкүнчүлүгүн жараткан өлкө болгонун белгиледи. Бозкыр : «Европа Биримдигинин Түркияны мүчө кылбоо сыяктуу мүмкүнчүлүгү жок, биз буга ишенебиз, ал күнгө даярдануу үчүн аракет кылуудабыз»,- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар