Лидерлер 23-апрелге карата өз куттуктоолорун жарыялашты

Лидерлер балдарды Улуттук Эгемендик жана Балдар майрамы менен чын дилден куттукташты.

246745
Лидерлер 23-апрелге карата өз куттуктоолорун жарыялашты


Президент Режеп Таййип Эрдоган 23-Апрель Улуттук Эгемендик жана Балдар майрамынан улам жарыялаган билдирүүсүндө Түркия Улуу Улуттук Парламентинин түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгын, Түркиядагы жана дүйнөдөгү бардык балдардын Улуттук Эгемендик жана Балдар майрамы менен чын дилден куттуктаганын белгиледи.
Эрдоган балдарга белек кылынган бул майрамда тынчтык, бардар жашоо жана күчтүү келечек үчүн аракет кыла тургандарын билдирди.
Парламенттин төрасы Жемил Чичек болсо өз жарыясында ынтымак жана биримдүүлүккө чакырды.
Чичек бул күндүн жаңы муундарга түшүндүрүлүүсү керектигин баса белгиледи.
Премьер-министр Ахмет Давутоглу да: «Парламент ачылган ушул күн улутубуздун эгемендик үчүн чечкиндүүлүгүн жана келечекке карата үмүтүн бөлүшкөн күн болгон. Жаш-кары, аял- эркек дебестен баары кол кармашкан улутубуз, эркиндик жана көз карандысыздыгына залака келтирген душмандарга каршы күрөшкөн»,- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар