Ахмет Давутоглу армян маселеси тууралуу маалымат берди

Давутоглу армян диаспорасынын маселесинин өч алуу экенин баса белгиледи

245916
Ахмет Давутоглу армян маселеси тууралуу маалымат берди

Премьер – министр Ахмет Давутоглу 1915 - жылдагы окуялар тууралуу үчүнчү тараптын маселени дайыма козгогонун айтты. Менчик телекөрсөтүү каналына күн тартиби тууралуу маалымат берген Давутоглу армян диаспорасынын маселесинин өч алуу экенин баса белгиледи.
Давутоглу Түркиянын расмий кыймылынын тарыхты туура түшүнүп, саясатка тынчтыкты чагылдырып, келечекти бирдикте куруу экенин айтты. Түрктөр менен армяндардын тарыхынын бир гана 1915 - жыл эмес экенин баса белгилеген Давутоглу : «Осмон мамлекетинин тарыхы тууралуу макала жарыяладым. Азыркы учурда да бир китеп менен иштеп жатам. Армян диаспорасы тарабынан ондогон жылдан бери муундан муунга айтылып тарыхтын бир тараптуу түшүндүрүлүүсү менен кыжырдануу пайда болду»,- деди. Диаспораны канааттандыруунун мүмкүн эмес экенин да баса белгилеген премьер – министр Давутоглу : «Кээ бир кишилер бул жаранын айыгуусун каалабай жатат. Биз, түрктөр, армяндар өзүбүз отуруп сүйлөшүп алабыз, бири бирибизге белек беришебиз. Бирдикте өз дүйнөбүздү ачабыз»,- деди. Армян жарандардын Түркияда көптөгөн кызматтарда иштегенине да көңүл бурган Давутоглу : «Армяндар бул жерлердин негизги балдары»,- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар