Дүйнө балдары Антальяда

ТРТ 37 - Эл аралык 23 - Апрель балдар фестивалынын иш чаралары улантылууда

240096
Дүйнө балдары Антальяда

Антальяда өткөрүлгөн фестивалга катышкан конок өлкөнүн балдары улуттук кийимдери менен бийлерин тартуулашты. Фестиваль үчүн 34 өлкөдөн келген балдар Республика аянтында өздөрү үчүн курулган платформада антальялыктар менен жолугушту.
Өлкөлөрүнө таандык кийимдерди кийген балдар бийлерин тартуулашты. Өз өлкөлөрүнө таандык музыкалардын коштоосунда бийлеген балдарга жарандар абдан чоң кызыгуу көрсөттү. Кээ бир балдардын көргөндөргө түркчө «Мерхаба» деп салам берүүсү абдан чоң алкыш алды. Фестивалдын негизинде балдар Анталья музейи менен Түркиядагы тарыхый чыгармалардын миниатюралары орун алган Minicityни да кыдырышты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар