Эрдоган Казакстанга аттанды

Президент Режеп Таййип Эрдоган расмий сапар менен Казакстандын борбор шаары Астанага аттанды.

237234
Эрдоган Казакстанга аттанды

Сапары тууралуу Анкарадагы «Эсенбога» аэропортунда маалымат берген Эрдоган, Казакстандын Түркия үчүн жалгыз дос жана тууган өлкө эмес, ошол эле учурда стратегиялык шериктеш болгонун айтты.
Казакстандын президенти Назарбаевдин 2009-жылы Түркияга жасаган сапарында тарыхый кадам ташталганын жана «Стратегиялык шериктештик» келишимине кол коюлганын эске салган Эрдоган, 2012-жылы эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин алгачкы жыйынынын да Түркияда өткөнүн белгиледи.
Эрдоган сапары убагында Түркия-Казакстан Жогорку страстегиялык кызматташтык кеңешинин экинчи жыйыны өткөрүлө турганын айтты.
Хожа Ахмед Ясавинин Түркстандагы көрүстөнүн да зыярат кыла турганын билдирген президент Эрдоган, «Хожа Ахмед Ясави» атындагы университет тарабынан бериле турган ардактуу докторлук наамын кабыл ала турганын, студент жана академиктер менен жолугуша турганын белгиледи.
Эрдоган сапары убагында Дин иштери боюнча төрагалык тарабынан курулган мечиттин ачылышын да жасай турганын белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар