Куттуу туулган күн жумалыгына карай...

Эрдоган ислам атын жамынган террор уюмдарынын динге ислам душмандарынан дагы көп зыян тийгизип жаткандарын белгиледи.

234690
Куттуу туулган күн жумалыгына карай...

Түркия Мухаммед пайгамбардын туулган жумасы катары кабыл алынган Куттуу туулган күн жумалыгынын камылгасын көрүүдө.
Дин иштери боюнча башкармалыктын Куттуу туулган күн жумалыгынан улам Стамбулдагы конгресс борборунда уюштурган программасы мамлекеттин жетекчилигин чогултту.
Президент Режеп Таййип Эрдоган, премьер-министр Ахмет Давутоглу жана Жумурият Элдик партиясынын жетекчиси Кемал Кылычдароглу, «Мухаммед пайгамбар жана бирге жашоо ахлакы» аттуу программада жолукту.
Президент Эрдоган бул жердеги сөзүндө ислам атын жамынган террор уюмдарынын динге ислам душмандарынан дагы көп зыян тийгизип жаткандарын белгилеп: «Сектанттык Ислам дүйнөсүн бөлүп жарууда»-деди.
Ислам дүйнөсүндө болуп жаткан баш аламандыкка көңүл бурган Эрдоган, Ирак, Сирия, Палестина жана Йемендеги окуялардын жалгыз гана сектанттык айрымачылыктан келип чыкканын айтты.
Президент: «Биздин сунниттик деген динибиз жок, биздин шия деген динибиз жок. Биздин жалгыз динибиз ислам болуп саналат. Муну ушундай түшүнүүбүз зарыл»-деди.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар