Парижде «Мевлана жана Мевлевилик» конференциясы
Мевлана : «Чийки элем, быштым, жетилдим»
Франциянын борбор шаары Париждеги чыгыш тилдери жана цивилизациялар институтунда «Мевлана жана мевлевилик» деген темада конференция өткөрүлдү. Мевлана Руми коому тарабынан уюштурулган конференцияда «Мевлеви санатында символизм жана билим» деген доклад окуган Сорбонна университетинин мугалими Тьерри Зарконе мистикада күнүмдүк турмуштун ар тарабынан илхам алынган символдордун бар экенин белгиледи. Кураандагы кээ бир тамгалардын семазендердин кийим жана бийлеринде символ болуп орун алганын эске салган Зарконе семанын болсо Мевлевиликте маанилүү ыбадат элементи экенин баса белгиледи. Ашкана маданиятынын да мевлевиликте колдонулган символдорго булак болгонуна көңүл бурган Зарконе буга Мевланын : «Чийки элем, быштым, жетилдим»,- деген сөзүн мисал көрсөттү.
Тектеш кабарлар
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.