Террордук кол салуулар өзүнөн өзү чыкпайт

Куртулмуш: «Террордук кол салуулар шылтоосу менен ислам душмандыгы көкүтүлүп жатат»-деди.

287121
Террордук кол салуулар өзүнөн өзү чыкпайт

Вице-премьер Нуман Куртулмуш «Бардо» музейине болгон террордук кол салууларга каршы жүрүштөргө катышкандан кийин, Түркиянын Тунистеги элчилигинде да журналисттерге маалымат берди.
Өзгөчө араб жазынан кийин Түндүк Африка өлкөлөрү жана Жакынкы Чыгыштын олуттуу коркунуч астында болгонун баса белгилеген Нуман Куртулмуш, эң чоң коркунучтардан биринин да террор экенин айтты.
Куртулмуш:«Кайдан келсе келсин, ким тарабынан колдоого алынса алынсын, террордун ар түрдүүсүнө каршыбыз»-деп айтты.
Куртулмуш: «Көп жылдардан бери уланып жаткан террордук кол салуулар бизге көп нерсени үйрөтүүдө. Чоң күчтөрдүн стратегиялык колдоосун албаган, тылдык колдоосун албаган, чалгындоо колдоосун албаган, ал эмес ушул максатта материалдык колдоо албаган эч бир террор уюмунун кыймыл кылышы мүмкүн эмес»-деди.
Дүйнөнүн кандайдыр бир жеринде, кандайдыр бир террордук кол салуунун өзү жалгыз үч-беш киши чогулуп уюштура койгон бир нерсе эмес экендигин белгилеген Куртулмуш: «Террордун көрүнбөгөн жүзү да бар. Бүткүл дүйнө террордун көрүнбөгөн жүзүнө каршы жапырт ойгонушу, жапырт күрөшүүсү зарыл»-деп айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар