Иран аймакка үстөмдүк кылгысы келип жатат...

Эрдоган Йемендин жеринин бүтүндүгүнө кийлигишкендердин ал өлкөдөн чыгып кетүүлөрүн көшөрүп айткандарын баса белгиледи.

287546
Иран аймакка үстөмдүк кылгысы келип жатат...

Президент Режеп Таййип Эрдоган Иранга 7-апрелге пландалган расмий сапарга байланыштуу, «Программабызды коргоодобуз, Йемендеги абалдарды да байкап жатабыз» деген баа берди.
Президент Йеменде илгерилөөсүн уланткан хусилерге каршы Сауд Арабиянын жол башчылыгында өткөн аптада башталган аба операциясына сереп салып жатып, Иранга бул өлкөдөгү күчтөрүн чыгарып кетиши керектиги жөнүндө маалымат жолдогон эле.
Ирандын аймакка үстөмдүк кылуу изденүүсүндө болгонун айткан президент, Тегеран бийлигинин бул мамилесинин чыдамды кетирип жатканына көңүл бурган.
Эрдоган ирандыктардын бул сөздөргө жооп берүүлөрүнө сереп салды.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Словенияга аттанаар алдында Стамбулдагы «Ататүрк» аэропортунда бул темага байланыштуу суроого жооп берип, «Биздин ачыктообуз, Йемендин жеринин бүтүндүгүн урматаганыбыздан улам болууда. Жеринин бүтүндүгүнүн корголушу, ичкериден дагы тышкарыдан дагы кийлигишүүлөрдүн туура болбой турганы жөнүндө болчу»-деди.
Йемендин жеринин бүтүндүгүнө кийлигишкендердин ал өлкөдөн чыгып кетүүлөрүн көшөрүп айткандарын баса белгилеген Эрдоган: «Бул темага байланыштуу Ирандан эки башка үн чыкты, бирок бул кишилер биз сүйлөшө турган кишилер эмес. Барабыз же барбайбыз. Биздин сапарыбызды ал кишилер белгилешпейт. Чечимди чыгара турган бизбиз»-деп айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар