Книдос мурунку көркөмдүүлүгүнө жетишет

Евдокс чыгарган жана мезгилинин абдан чоң эмгеги болгон күн сааты болсо байыркы шаардагы ордун азыр да сактап турат

275125
Книдос мурунку көркөмдүүлүгүнө жетишет

Датчадагы 2 миң 600 жылдык Книдос байыркы шаарынын көркөмдүү курулуштарынан кичинекей театр жана Д чиркөөсүнүн оңдоо иштери менен кайрадан жашатуу максатында казуулардын бул жылкы бөлүмү башталды. Казуу иштеринин бул жыл бүткөрүлүүсү пландалууда. Книдос байыркы шаары Эгей менен Жер Ортолук деңизи бириккен жерде өзүнчө бир жерге ээ. Арадан өткөн жүздөгөн жылдарга карабастан табигый түзүлүшү жана курулуштары менен Книдос азыр да көркөмдүүлүгүн сактап турат.
Тегерек жана төрт бурчтук мунаралары менен Книдостун белгилүү порттору азыр да функциясын улантууда. Эки эңишке жайгаштырылган шаар, таштуу аянтта абдан чоң чеберчилик менен салынган. Астрономия жана математика илимпозу Евдокс чыгарган жана мезгилинин абдан чоң эмгеги болгон күн сааты болсо байыркы шаардагы ордун азыр да сактап турат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар