Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Вьетнамда
Мевлүт Чавушоглу Азия – Тынч океан аймагынын эң негизги экономикаларынын бири болгон Вьетнамга барды
Таиланддагы жолугушууларын аяктаган тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Азия – Тынч океан аймагынын эң негизги экономикаларынын бири болгон Вьетнамга барды. Чавушоглу борбор шаар Ханоидеги сапарын өлкөнүн куруучусу Хо Ши Миндин мавзолейине гүл коюу менен баштады. Чавушоглу андан кийин жолугушкан Вьетнамдын тышкы иштер министри Пам Бин Минге стратегиялык мааниге ээ Вьетнам менен карым – катнаштарды өнүктүрүүнү каалашкандарын билдирди. Түркиянын Азияга ачылганын белгилеген Чавушоглу : «Дүйнө тең салмактуулугун Азиянын пайдасына теңдегибиз келет»,- деди. Вьетнамдын тышкы иштер министри да түрк делегациясынын сапарынан ыраазы экендерин билдирди. Мин эки өлкөнүн байланштарынын күчтөндүрүлүшү керектигин, экономикалык жана саясий мааниде карым – катнаштардын тереңдетилишин каалашкандарын айтты.
Тектеш кабарлар
![Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/d431/4da4/2a0f/665576b9c9569.jpg?time=1719006273)
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.