Тышкы иштер министрлигинен Грецияга каршы чыгуу

Тышкы иштер министрлиги Эгейде араздашууну күчтөндүрө турган кыймыл жана сөздөрдөн улам грек өкмөтүнө чакыруу салды

252981
Тышкы иштер министрлигинен Грецияга каршы чыгуу

Тышкы иштер министрлиги коргоо министри Камменостун Эгейде араздашууну күчтөндүрө турган кыймыл жана сөздөрдөн улам грек өкмөтүнө чакыруу салды. Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта : «Кызматка келгенден бери Түркияга карата көкүтүүчү кыймылын жүргүзгөн Грециянын коргоо министринин Эгейде араздашууну күчтөндүрө турган акыркы кыймылдары жана сөздөрү кабыл алынгыс, грек өкмөтүн бул жоопкерчиликсиз кыймылдарын эртерээк иретке салууга жана акылдуулук менен кыймыл кылууга чакырабыз»,- деп айтылды.
Жоопкерчиликсиз кыймылдарын улантылуусунун түрк – грек карым – катнаштарында жана Эгейде араздашуунун күчтөнүүсүнүн тышында башка кызмат кылбай турганы баса белгиленген маалыматта бул абалдын эки өлкөнүн карым – катнаштарынын өнүктүрүлүшү жана Эгейдеги маселелердин чечилүүсү үчүн ортого коюлган аракеттерге зыянын тийгизери белгиленди.



Этикеткалар:

Тектеш кабарлар