Вице - премьер Нуман Куртулмуш Мароккодо
Жолугушууда бир гана Түркия эле эмес, аймак үчүн да маселе болгон сириялык качкындар маселеси күн тартибине келди
Расмий сапар менен Мароккого барган вице – премьер Нуман Куртулмуш премьер – министр Абдулилах Бенкиран менен жолугушту. Жолугушуудан кийин маалымат берген Куртулмуш : «Эки саясатчы катары эмес, бир үйдүн, бир үй – бүлөнүн мүчөсү катары бир тууганча отурдук, маселелерибизди сүйлөштүк»,- деди. Марокконун премьер – министри Бенкира да Түркиянын Мароккодогу бардык проектилерине колдоо берип жеңилдик түзөрүн айтты. Куртулмуш Маркко жогорку билим берүү, илимий иликтөө жана кызматкерлердин билимин өстүрүү министри Лахсен Давуди менен да жолугушту. Жолугушууда бир гана Түркия эле эмес, аймак үчүн да маселе болгон сириялык качкындар маселеси күн тартибине келди. Нуман Куртулмуш Давудиге сириялык 2 миллион баш калкалоочуну кабыл алган Түркиянын бул меселенин чечилүүсү үчүн түзгөн узун жана орто мөөнөттүү проектилери тууралуу маалымат берди. Вице – премьер Куртулмуш Марокконун мурунку королу 5 - Мухаммеддин мавзолейин да зыярат кылды. Куртулмуш менен Мароккодогу Түрк кызматташтыгы жана координация агенттигинин төрагасы Сердар Чам, Өлкө тышы түрктөр жана боордош коомдор төрагасы Кудрет Бүлбүл жана Юнус Эмре институтунун төрагасы Хаяти Девели менен делегациялар аралык жолугушуулар өткөрүлдү. Вице – премьер Нуман Куртулмуш Түрк - Марокко маданий күндөрүнүн негизинде өткөрүлгөн иш чараларга да катышты.
Тектеш кабарлар
![Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/d431/4da4/2a0f/665576b9c9569.jpg?time=1719060855)
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.