Премьер-министр Ахмет Давутоглу Португалияда

Давутоглу Португалияда бир канча жолугушууларды өткөрөт.

245012
Премьер-министр Ахмет Давутоглу Португалияда


Давутоглу кечки убактарда барган Лиссабондо португалиялык жооптуулар тарабынан тосулуп алынды.
Өкмөт башчы программасынын алкагында Лиссабондогу борбордук мечитке зыярат кылып Португалиядагы Ислам коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушат.
Давутоглу 1983-жылы армян террор уюму тарабынан шейит кылынган түрк дипломаттардын элесине тургузулган эстеликке гүлчамбар коет.
Португалиянын президенти Какаву Силва тарабынан кабыл алына турган Давутоглу, премьер министр Педро Пассос Коэльо менен жекеме-жеке сүйлөшөт.
Өкмөт башчы Давутоглу менен Коэльо Түркия-Португалия өкмөттөр аралык жыйынына жетекчилик кылышат.
Жыйындан кийин келишимдерге кол коюлат.
Андан соң эки кесиптеш биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүшөт.
Португалиянын премьер-министри Коэльо урматына бере турган сый тамактан кийин Давутоглу Нью-Йоркко жөнөп кетет.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар