АКШдан Түркияга ДЕАШ колдоосу

Псаки Жеймс Клэппердин сөздөрүнө каршы Түркияны жактады

241255
АКШдан Түркияга ДЕАШ колдоосу

Тышкы иштер министринин катчысы Жан Псаки Улуттук чалгындоо директору Жеймс Клэппердин Түркиянын алдыңкылыгынын ДЕАШ менен күрөшүү эмес экени боюнча сөздөрүнө каршы Түркияны жактады. Вашингтондо өткөрүлгөн пресс – жыйында Клэппердин сөздөрү тууралуу өзүнө берилген суроолорго жооп берген Псаки : «Бул ойлор тууралуу суроо үчүн барылуусу керек болгон жер Улуттук чалгындоо мекемеси. Бирок мен Түркиянын биз үчүн маанилүү өнөктөш болууну улантканын айта аламын»,- деди. Түркиянын коалициянын ДЕАШка каршы күрөшүндө керек болгон бардык кадамдарды таштаганын баса белгилеген Америка тышкы иштер министрлигинин катчысы : «Бир гана аскердик жактан эмес, чет элдик согушчандар тууралуу да финансылык темаларда да бар. Башынан бери белгилеп келгенибиздей бул тууралуу глобалдык коом жасай ала турган көптөгөн нерсе бар. Араларында Түркия да болгон өлкөлөр менен бул тууралуу кадамдарды таштадык»,- деди.
Псаки Түркиянын сириялык оппозициячылдарга билим бер - камсызда программасына да колдоо бергенин белгиледи.
АКШнын Улуттук чалгындоо мекемесинин директору Жеймс Клэппер Түркиянын алдыңкылыгынын ДЕАШ менен күрөшүү эмес экенин жана мунун натыйжасында уюмга кошулган чет элдик согушчандардын 60 пайызынын Сирияга баратып багыт катары Түркияны тандаганын жактаган болчу.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар