Түркия Сириядагы «Сүлейман Шах» күмбөзүн коргоодо

«Сүлейман Шах» күмбөзү жана «Урматтоо» коопсуздук жайы, жаңы жеринде желегибизди желбиретет.

227440
Түркия Сириядагы «Сүлейман Шах» күмбөзүн коргоодо

Түрк куралдуу күчтөрү Сирияда орун алган «Сүлейман Шах» урматтоо коопсуздук жайына көчүрүүнү максаттаган операция жүргүздү.
Алынган маалыматка ылайык кечээ «Сүлейман Шах» урматтоо коопсуздук жайындагы 40тан ашуун аскердин ал жерден чыгарылышына байланыштуу операция жүргүзүлдү.
Түн ортосунда кургактыктан жиберилген бөлүк, чек арадан өтүп барып коопсуздук жайга багыт алды.
Түрк куралдуу күчтөрүнүн абадан кыймыл күчтөрү дагы кыймыл кылган бөлүктү байкай баштады.
Операцияга байланыштуу кеңири маалыматты премьер-министр Ахмет Давутоглу Башкы штабдын штабында жасайт.
Түркия чек араларынын тышындагы жалгыз жерибиз болгон «Сүлейман Шах» күмбөзү жана «Урматтоо» коопсуздук жайына Түрк куралдуу күчтөрү уюштурган операцияга 50 танка катышты.
Аба күчтөрүнө таандык F-16 учактары да согуштук жүктөрү менен чек арада күзөт учууларын баштады.
Айрыкча аба күчтөрү даяр күттүрүлдү.
Коопсуздук жайында күзөт кылган 44 атайын күч аскери да аймакта болуп жаткан курч абалдын себебинен Түркияга алып келинди.
Өкмөт башчы Ахмет Давутоглу: «Аталарыбыздын аманаты Сүлейман Шахтын сөөгү Сириянын ичиндеги жаңы жайына убактылуу өткөрүлүшү үчүн өлкөбүзгө алып келинди»-деди.
Давутоглу «Сүлейман Шахтын сөөгү коюла турган Сирия Эшмесинде бир аймак армиябыз тарабынан көзөмөлгө алынып желегибиз флагштокко илинди»-деген сөздөрдү айтты.
Бир тараптан операциянын көчүрүү жана башкаруусун түнү менен байкаган президент Режеп Таййип Эрдоган, премьер-министр Ахмет Давутоглу, башкы штабдын төрагасы, армия генералы Неждет Өзел менен кургактык күчтөрү командири, армия генералы Хулуси Акарга телефон аркылуу байланышып куттуктады.
Президент: ««Сүлейман Шах» күмбөзү жана «Урматтоо» коопсуздук жайы, жаңы жеринде желегибизди желбиретип, аталарбыздын эскермесин жашатуусун улантат»-деди.



Этикеткалар:

Тектеш кабарлар