Австралияда Ататүрк эстелиги

Эстеликтин үстүнө Ататүрктүн энелерге жазган катынан үзүндү орун алды

223338
Австралияда Ататүрк эстелиги

Чанаккаледе каза болгон Анзак аскерлери үчүн Ататүрктүн жазган катынын бир бөлүгү Сиднейдин борборундагы Ататүрк эстелигинин үстүнө жазылды. Чанаккале согуштарынын 100 жылдыгынан улам Сиднейдеги Гайд паркта салтанат өткөрүлдү. Ататүрктүн Анзак аскерлеринин жаназаларынын Австралия жана Жаңы Зеландияга алып барылуусун каалаган аскер энелерине кайрылып жазган катынын бир бөлүгү парктагы Ататүрк эстелигинин үстүнө жазылды. Ачылууда сөз сүйлөгөн Австралиянын ветерандар министри Виктор Доминелло бүгүндүн тарыхый бир күн экенин баса белгиледи. Доминелло : «2015 - жылы Түркия менен Австралиянын жылы. Бул эстелик Сиднейдин жүрөгүндө жана улуу согушта ар башка фронттордо согушкан түрктөр менен австралиялыктардын ортосунда курулган достуктун туруктуу символу болот»,- деди. Башкы консул Шейда Ханбай Аржа да Ататүрктүн 1934 - жылы Анзак энелерине кайрылып жазган каттын маанисин баса белгиледи.
Эстеликтин үстүнө Ататүрктүн : «Бул мамлекеттин жерлеринде канын төккөн каармандар! Бул жерде дос мекендин жериндесиңер. Тынчтык ичинде уктагыла. Сиздер Мехметчиктер менен жанаша жатасыздар. Алыскы жерлерден балдарын согушка жиберген энелер! Көз жашыңыздарды токтотуңуздар. Балдарыңыздар биздин боорубузда. Тынчтык ичинде жана тынч уйкуда укташат. Алар бул жерлерде жан бергенден кийин эми биздин балдарыбыз болушсун»,- деген сөздөрү орун алды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар