Президент Эрдоганга мамлекеттик кызматкер сыйлыгы берилди

Цыгандар менен бирге чоңойгонун айткан президент Эрдоган : «бул өлкөдө эч кимге жарым - жартылай мамиле жасалбайт»,- деди

213384
Президент Эрдоганга мамлекеттик кызматкер сыйлыгы берилди

Бурсада жолугушууларды өткөргөн президент Эрдоганга Чоң цыган сыйлыгы «Кылымдын мамлекеттик кызматкери» сыйлыгы берилди.
Президент Р. Т. Эрдоган жана жубайы Эмине Эрдоган цыгандар конфедерациясы тарабынан уюштурулган Чоң цыган сыйлыгы аземинде кубанычтуу тосулуп алынды.
Цыгандар менен бирге чоңойгонун айткан президент Эрдоган : «бул өлкөдө эч кимге жарым - жартылай мамиле жасалбайт»,- деди. Президент Эрдоган : «Батыштык түшүнүктүн спутниги эмеспиз»,- деп Түркияда эч кимдин бөлүнбөгөнүн баса белгиледи.
Европада мечиттерге, ыбадатканаларга жасалып жаткан кол салууларды көрбөстүккө салгандар тарабында болбой турганын белгилеген Эрдоган : «Ыйык нерселерге кол салууну ой эркиндиги катары чагылдыргандар демократия жана адам укуктарын жактай алышпайт»,- деди.
Эрдоган Израиль каардуулугун сынга алгандардын антисемитизм этикеткасына дуушар болгонун белгилеп : «Антисемитизм этикеткасы жазгандарга, ойчулдарга тизе бүктүрүп коюшу мүмкүн, кечирим суратып коюшу мүмкүн»,- деди. Сөз сүйлөгөндөн кийин президент Эрдоганга Чоң цыган «Кылымдын мамлекеттик кызматкери» сыйлыгы берилди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар