Пакистанда болгон кол салуу тууралуу билдирүүлөр жасалды

Президент Эрдоган Түркиянын Пакистандын жанында экенин айтты

151113
Пакистанда болгон кол салуу тууралуу билдирүүлөр жасалды

Президент Р. Т. Эрдоган кечээ Пакистанда болгон жана көп сандаган окуучу жараланган террордук кол салууну катуу айыптады.
Президент Эрдоган кол салуудан кийин Пакистандын президенти Мемнун Хүсейин жана Пакистандын премьер – министри Наваз Шерифке телефон чалып санааркаганын айтты. Сүйлөшүүлөрдө билим берүү мекемесине жасалган кол салууну абдан катуу айыптаганын билдирген президент Пакистан калкынын террористтердин максатына жетишүүсүнө мүмкүнчүлүк бербей турганына ишенгенин айтты.
Президент Эрдоган сүйлөшүүлөрдө : «Эч бир адамдык, ахлактык баалуулктар менен дал келбеген бул кол салууда каза болгон пакистандык боордошторубуздун үй – бүлөлөрүнө көңүл айтып, жаралуулардын батыраак айыгуусун тилеймин. Түркия өткөн күндөрдө болгондой бүгүн да Пакистандын кыйын күндөрүндө жанында болууну улантат, жараларын айыктыруу, биримдигинин түзүлүшү үчүн колунан келген жардамды берет. Пакистандык боордошторубуздун кыйынчылыгы биздин кыйынчылыбыгыз, алардын кайгысы биздин кайгыбыз»,- деди. Премьер – министр Ахмет Давутоглу да Пакистандагы мектепке кол салуудан улам Түркияда бир күндүк улуттук аза күтүү жарыялоо чечимин чыгарганын билдирди.
Окуядан санааркаганын белгилеген премьер – министр Давутоглу : «Бул кол салууну аткаргандарды абдан катуу айыптаймын»,- деди.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу да кечээ кесиптешине телефон чалып көңүл айтты жана Түркиянын Пакистандын жанында экенин билдирди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар