Литванын президенти Түркияда

Литванын президенти Даля Грибаускайте расмий салтанат менен тосулуп алынды

141751
Литванын президенти Түркияда

Литванын президенти Анкарада биринчи болуп мавзолейге барды. Андан кийин президенттик сарайына барган Литванын президенти Даля Грибаускайте расмий салтанат менен тосулуп алынды. Салтанаттан кийин президент Эрдоган жана кесиптеши жекеме -жеке сүйлөшүштү. Жекеме – жеке сүйлөшүүлөрдөн кийин делегациялар аралык сүйлөшүүлөргө өтүлдү. Сүйлөшүүлөрдөн кийин эки өлкөнүн арасында сооданын өнүктүрүлүшү үчүн биргелеше комиссиянын курулушу жана Европа Биримдиги тууралуу кызматташтыкты камтыган келишимдерге кол коюлду.
Эки президенттин өткөргөн биргелешкен пресс жыйынында биргелешкен энергетика проектилери менен бирге Сирияда да күн тартибине келди. Президент Эрдоганга билим бер - камсызда, коопсуз аймак жана учууга тыюу салынган аймак темаларындагы акыркы абал суралды. Эрдоган буларды айтты : «Азырынча өзгөчө учууга тыюу салынган аймак, коопсуз аймак тууралуу коалиция күчтөрү тарабынан убада берилген абал жок. Бул да биздин делегацияларыбыздын арасында талкууланган тема. Билим бер - камсызда бир макулдашуу катары көрүнүүдө бирок башка эки темада тилекке каршы азырынча макулдашуу жок. Албетте бул макулдашуу болбосо бул жерде бекем бир кадамдын ташталуусу мүмкүн эмес». Литванын президенти да өлкөсүнүн Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүк процессине болгон колдоосун дагы бир жолу кайталады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар