Президенттик сарайда «Мухаррем ашы»

Эрдоган: «Кайгылардан ызалануу жана жек көрүү эмес, туугандык жана колдошууну чыгарган үммет болууга аргасызбыз»,-деп айтты.

180343
Президенттик сарайда «Мухаррем ашы»

Мухаррем айынан улам президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан «Мухаррем ашы» берилди.
Президенттик сарайдагы ифтарга алеви коому жана фонддорунан өкүлдөр да арасында болгон 20 чакты чакырылган киши катышты.
Президент Эрдоган бул жердеги сөзүндө акыркы мезгилде Ислам дүйнөсүндө болгон окуяларга көңүл бурду жана «Иракта, үстүнө бомба байлаган жан кечтилер барып, башка агымдагы мусулмандардын арасына кирип барып мечиттерде, күмбөздөрдө мусулмандарды кырып жатышат... Өздөрүнө каалашынча ат коюшсун, шиит дешсин, суннит дешсин... Алардын жалгыз гана аты бар, ал да канкор»,-деп айтты.
Эрдоган акыркы мезгилде Түркияда болгондорго байлашытуу да, «Бул өлкөдө дем алган алеви жана суннит туугандарыма чын жүрөктөн үн саламын: кайгыларыбыз бир, кыбылабыз бир, китебибиз бир, Эхл-и бейтибиз бир»,-деди.
«Кербеладан сабак алып кучакташалы»,-деген Эрдоган: «Кайгылардан ызалануу жана жек көрүү эмес, туугандык жана колдошууну чыгарган үммет болууга аргасызбыз»,-деп айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар