Арынч Министрлер кеңеши туурасында маалымат берди

Арынч, Улуттук коопсуздук боюнча саясат документине өзгөртүү киргизүү темасында өкмөттүн муктаждыгы болбогонун айтты.

180126
Арынч Министрлер кеңеши туурасында маалымат берди


Министрлер кеңеши кечээ орто эсеп менен 8,5 саатка созулган жыйналыш өткөрдү.
Вице-премьер жана өкмөт катчысы Бүлент Арынч жыйналыштын көпкө созулушун күн тартиптин тыгыз болгону менен чечмеледи.
Жыйналыштан кийин маалымат берген Арынч, Улуттук коопсуздук боюнча саясат документине өзгөртүү киргизүү темасында өкмөттүн муктаждыгы болбогонун айтты.
Арынч террордун соңуна чыгарылышы үчүн жүргүзүлгөн чечим табуу процессине да токтолду жана бул темада алгач ирет дагы чечкиндүүлүк менен мамлекеттик тартипти баса белгиледи.
Бүлент Арынч экинчи пешмерге тобунун Түркия аркылуу Кобаниге өткөнүнө байланыштуу ойлор тууралуу да мунун негизсиз болгонун айтты.
Вице-премьер жыйналышта кендерде иш коопсуздугу темасынын да кеңири түрдө каралганын белгиледи.
Арынч Түркияда мындай түрдөгү кен кырсыктарынын болбоосу, жумуш коопсуздугунун эң жогорку деңгээлге жеткирилиши жана бардык коркунучтарды жое турган кеңири иш-планга муктаждык болгонуна чечим чыгарылганын сөз кылды.
Жамааттар темасына да токтолгон Арынч, бул тема эч каралбаганын айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар