Террор менен байланышы болгон топко курал берилиши туура эмес

Эрдоган Кобани тууралуу террор менен байланышы болгон топко курал берилишин туура көрбөгөндөрүн белгилегендерин айтты.

177624
Террор менен байланышы болгон топко курал берилиши туура эмес

Президент Режеп Таййип Эрдоган Францияга бир күндүк иш сапары менен барып кайтып келе жатканда учакта журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Президент Эрдоган Халебдин коркунучта болгонун учурда кеңири бир тарыхтын жок болгонун белгилеп, адамдардын эртеңки күнү Кобанидеги сыяктуу абалга туш болуп кала тургандарын айтты.
Чечим табуу процессин чечкиндүүлүк менен уланта турганыңызды айтуудасыз, эч кандай тайсалдоо болбой турганын айтуудасыз, бирок Кобани окуяларды, процессти коркунучка салбай элеби?-деген суроого президент Эрдоган жооп иретинде , чечим табуу процессине байланыштуу пландын уланып жатканын айтты.
Эрдоган Кобаниге байланыштуу көз караштарын Америка Кошмо Штаттарынын башкаруучулугуна так түрдө билдиргендерин жана террор менен байланышы болгон топко курал берилишин туура көрбөгөндөрүн белгилегендерин айтты.
Президент: «Бул темаларда АКШда ар бир бөлүмдүн катчысынан ар башка сөз айтылууда. Ак үйдүн катчысы бир нерсени айтса, Пентагондун катчысы башка нерсени айтууда, Улулуттук коопсуздук кеңешинин катчысы башка бир сөздү айтууда»,-деди.
Түркиянын АКШга колдоо көрсөтпөгөнүнүн да айтылганын сөз кылган Эрдоган, белгилүү эрежелердин алкагында керектүү колдоо көрсөтүлгөнүн белгилеп: «АКШнын аларга берген куралдардын наркынан бир канча эсе көп каражатты биз Түркияга баш калкалаган кобаниликтерге баш калкалоолору, тамак-аштары үчүн каржыладык»,-деп айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар