Эрдоган : «АКШнын  куралдары толугу менен ИШИМге өттү"

Р. Т. Эрдоган Француз Эл аралык карым – катнаштар институтунда конференция берди

176838
Эрдоган : «АКШнын  куралдары толугу менен ИШИМге өттү"

Эрдоган ал куралдар менен Ирактын 40 пайызынын басылып алынганын да белгиледи. Президент Р. Т. Эрдоган Француз Эл аралык карым – катнаштар институтунда конференция берди.
Асад режиминин өз калкынан жүз миңдеген кишини өлтүрүүсүнө дүйнөнүн үнсүз калганын баса белгилеген Эрдоган бошотулган Кобани тууралуу дүйнөнүн аракетке өтүүсүнүн тең салмаксыздык экенин белгиледи. Эрдоган Түркиянын Сириядан кабыл алган качкын санынын 1 миллион 600 миңден ашканын, БУУнун жана Европа Биримдигинин  болсо жетеринче чара көрө албаганын айтты.
ИШИМ террордук уюмунун Сирияда жана Иракта көптөгөн жылдын тажрыйбасынын бар экенин баса белгилеген Эрдоган ПЙДнин да террордук уюм экенин баса белгилеп бул уюмга курал жардамынын берилбеши керектигин айтты.
Эрдоган Батыштын Жакынкы Чыгышка каршы жасаган кош стандарттуу мамилесинин көптөгөн жылдар өчпөй турган кыйроолорго негиз даярдаганын баса белгиледи, бул кош стандарттар соңуна чыкмайынча Батышты да бул кыйроодон алыс болбой турганын айтты. Эрдоган «1- Дүйнөлүк согушунан кийин Жакынкы Чыгышта сызылган чектер, түзүлгөн сценарийлер, долбоорлор глобалдык маселеге айланууда»,- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар