АКШнын жаңы Анкара элчиси

АКШнын жаңы Анкара элчиси Жон Басс кызматын баштоо үчүн Анкарада

161850
АКШнын жаңы Анкара элчиси

Басс Эсенбога аэропортунда билдирген маалыматында эки өлкөнүн карым – катнаштарынын маанисине басым жасап: «Түркия жана АКШ көптөгөн жылдардан бери стратегиялык орток жана абдан жакшы дос. Түркиядан, түрктөрдөн үйрөнө турган көп нерсе болот»,- деди. АКШнын тышкы иштер министрлигинде дипломат болгон Басс Түркияны бир топ жолу зыярат кылуу мүмкүнчүлүгүн тапканын жана бул жолу үй – бүлөсү менен бирдикте Анкарада жашай турганы үчүн абдан бактылуу экенин айтты. Басс 2012 – 2014 – жылдардын арасында министрдин атайын кеңешчиси 2009 – 2012 – жылдардын арасында АКШнын Тбилиси элчиси катары кызмат кылды. Дипломатиялык карьерин 1988 – жылы баштаган Басс өлкөсүнүн Ирак, Италия, Бельгия жана Чаддагы дипломатиялык миссияларында да ар кандай кызматтарды аткарды.



Этикеткалар:

Тектеш кабарлар