Анкаранын Кипрдын Рум бөлүгүнө кайрылуусу

Кипр Рум бөлүгүнүн сүйлөшүү процессине кошулбоо жөнүндөгү чечимине Түркиянын Тышкы иштер министрлигинен жооп айтылды.

152026
Анкаранын Кипрдын Рум бөлүгүнө кайрылуусу

 Кипр Рум бөлүгүнүн сүйлөшүү процессине кошулбоо жөнүндөгү чечимине Түркиянын Тышкы иштер министрлигинен жооп айтылды.
Тышкы иштер министрликтин маалымат борбору жарыялагандай, Рум тарабы чыгарган чечим, «2008-жылдан бери уланып жаткан акыркы процесске байланыштуу чынчыл эместиктин ачык көрүнүшү болуп саналат. Кипрда муктаждык жаңы чыңалуу эмес, чечим табуу жана кызматташуу үчүн керектүү чөйрөнүн жаратылышы»,-деп баа берди.
Анда 2008-жылдан бери уланып жаткан жана түрк тарабынын тыгыз аракеттери менен кайрадан жандандырылган БУУ процессинин ылдам түрдө жыйынтыкталышы жана бул акыркы мүмкүчүлүктүн бекер коротулбашы талап кылынды.
Жарыяда, Кипр маселесинин жалгыз эле Түрк тарабынын жана гарантер Түркиянын аракеттери менен жана Түштүк Кипр Рум башкаруучулугунун Аралдын жалгыз ээси болгону жөнүндөгү жаңылуу менен жаратылыш байлыктарын бир жактуу пайланууга киришүүлөрү менен чечимге жеткирилбей турганы баса белгиленди.
Түркиянын Тышкы иштер министрлиги кипрдык түрктөрдүн румдардын «мамлекетинде» азчылык абалга түшүүсүнө эч качан уруксат бербей турганын баса белгиледи.
Анда Рум тарабы дагы Греция дагы жоопкерчиликке чакырылып, Түркиянын чечим табууга карай ар түрдүү жакшы ниеттүү мамилеге колдоо көрсөтүүсүн уланта турганы белгиленди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар