Бүгүн Курман айт майрамы

Ислам ааламынын диний майрамдарынан Курман айт майрамынын биринчи күнү

149320
Бүгүн Курман айт майрамы

Президент Р. Т. Эрдоган Курман айт майрамынан улам куттуктоо жарыялады. Эрдоган куттуктоосунда Сирия жана Ирактагы абалдарга көңүлдөрдү буруп : «Бизге жакын жерлерде кан төгүлүп, жокчулук өкүм сүрөп жаткан кезде Курман айт майрамынын көңүлдөрдү жумшатып, адамзатка мээримдүүлүктү эскертүүсү эң чоң каалообуз»,- деди.
Президент : «Биз аймагыбызда тынчтыкты, бейкуттукту, коопсуздукту каалайбыз. Аймагыбыздагы эч бир өлкөнүн ички иштерине, жерине көз салбайбыз. Бирок аймак кризистер менен термелип жатканда, аялдар менен балдар, күнөөсүз кишилер өлтүрүлүп, миллиондогон киши үйүнөн, мекенинен ажырап жатканда биз бул болгондорго үнсүз кала албайбыз»,- деди.
«Түркия Жогорку Улуттук Парламентинин спикери Жемил Чичек да куттуктоосунда тынчтык, бир туугандык жана жардамдашууга басым жасады. Чичек : «Ар дайым болгондой эле бул майрамда да биздин өлкөбүзгө баш калкалаган ирактык жана сириялык бир туугандарыбызды унутпашыбыз керек. Бул майрамды да алар жашаган кыйынчылыктар менен бирге тосуп жатабыз»,- деди.
Премьер – министр Ахмет Давутоглу Курман айт майрамына карата куттуктоосунда чек арадагы абалдарга токтолду. Түркияга баш калкалаган 1 жарым миллитон сириялыкты эске салган Давутоглу : «Түркия катары бир тараптан аймактагы трагедиянын соңуна чыгуусу үчүн иштерибизди улантуудабыз, бир тараптан ички согуштан таасирленген бир туугандарыбыздын жараларын айыктырууга аракет кылуудабыз. Каалгабызды, дасторконубузду, жүрөгүбүздү бир туугандарыбыз үчүн ачабыз»,- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар