Түркиянын Египетке байланыштуу жарыясы
Түркиянын да бир тууган Египет калкынын эң негизги укуктарына карай ахлактык, абийирдик жана укуктук жоопкерчилиги болгону эске салынды.
146700
Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин жарыясы.
Тышкы иштер мнистрлиги Египеттин тышкы иштер министрлиги тарабынан жасалган маалымат жыйынында орун алган айтымдардын чындыкка жатпаганын белгилеп, «Бул айтымдарды этибарга алуунун да кабыл алуунун да кажети жок»,деген баасын берди.
Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында Египеттеги адамдын аброюн, элдин эркин жана эгемендигин тебелеген ишке ашыруусуна каршы чыгуулардын «ички иштерине кийлигишүү» катары мүнөздөлүшүнүн туура эместиги белгиленди.
Бул теманын адам укуктары жана конституциялык мыйзамдуулук болгонунда, эл аралык коомчулуктун башка жооптуу мүчөлөрү сыяктуу Түркиянын да бир тууган Египет калкынын эң негизги укуктарына карай ахлактык, абийирдик жана укуктук жоопкерчилиги болгону эске салынып, саясий плюрализмден алыс, демократияга терс түшкөн ишке ашыруулар уланган сайын Египет башкаруучулугунун эл аралык коомчулуктун сындоолорунун соңуна чыгышын күтүшүнүн кыялкечтик болоору баса белгиленди.
Тектеш кабарлар
![Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/d431/4da4/2a0f/665576b9c9569.jpg?time=1719048302)
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.