Парламентке жаңы уруксат документи жиберилди
Жаңы уруксат документи бардык коркунучтарга жооп бергидей түрдө даярдалды.
145343
![Парламентке жаңы уруксат документи жиберилди](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/10-11/Files/UploadedImages/6112393312ksaarntezkere.jpg?time=1719041861)
Вице-премьер Бүлент Арынч Ирак жана Сирия документтери бириктирилип бардык коркунучтарга жооп бергидей түрдө текст даярдалып Түркия Улуу Улуттук Парламентине жиберилгенин айтты.
Вице-премьер жана өкмөт катчысы Бүлент Арынч, Министрлер кеңешинин жыйынынан кийин маалымат берип: «Түркия Улуу Улуттук Парламентинде бейшемби күнү бир жыл мурда мөөнөттөрү берилген жана октябрь айында мөөнөтү толо турган эки уруксат документинин жаңылануусу каралат. Эки уруксат документин бириктирип бардык коркунучтарды, коопсуздуктарды жана Түркия ээ болгон абалын ичине камтыган жана ошондой эле бардык чара көрүүлөрдү чогуу камтыган тексттин үстүндө иштедик. Бул текст ушул убакта Түркия Улуу Улуттук Парламентине жиберилди же жиберилгени турат»,-деп айтты.
Тектеш кабарлар
![Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/d431/4da4/2a0f/665576b9c9569.jpg?time=1719041861)
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.