Ливиядагы түрк жумушчулар Түркияга кайтып келишти

300 жумушчу Ливияга жиберилген учак менен Түркияга алынып келинди.

144420
Ливиядагы түрк жумушчулар Түркияга кайтып келишти

Ливиядагы түрк жумушчулар Түркияга кайтып келишти.
Ливиядагы кагылышуулардын себебинен бул өлкөдөн чыга албай калган болжол менен 400 түрк жумушчунун бардыгы келди.
Убари шаарында иштеген 396 түрк жумушчудан 96сы мурда өз мүмкүнчүлүктөрү менен Түркияга кайтып келишкен болчу.
Бул жерден 6 күндөн бери чыга албай жаткан 300 жумушчу да, Түркиянын аракети менен Ливияга жиберилген учак менен Түркияга алынып келинди.
Жумушчуларды ташыган учак саат 23:30 чамаларында Стамбулдагы «Ататүрк» аэропортуна конду.
Түрк жумушчулар Түркияга кайтып келгендери үчүн кубанычтуу экендиктерин сөз кылышты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар