Бүгүн министрлер кеңеши өткөрүлөт

Жыйын премьер - министр Ахмет Давутоглунун жетекчилигинде чогулат

144401
Бүгүн министрлер кеңеши өткөрүлөт

Министрлер Кеңеши премьер –министр Ахмет Давутоглунун жетекчилигинде чогулууда. Жыйында башкы штабдын төрагасы Неждет Өзел кабинет мүчөлөрүнө улуттук коопсуздук тууралуу брифинг берет. Жыйында буфер зона күн тартибине келет.
Ирак жана Сирия тууралуу документ да бүгүн Түркия Жогорку Улуттук Парламентине жиберилет.
Ирак жана Сирия документтеринин бүгүн парламентке сунушталуусу күтүлүүдө. Аймактагы шарттардын өзгөрүүсүнө карата Түрк Куралдуу Күчтөрүнүн муктаждыктарынын негизинде эки документте да кээ бир өзгөртүүлөрдүн киргизилиши күтүлүүдө. Башкы штабдын төрагасы генералы Неждет Өзел министрлер кеңешинин бүгүнкү жыйынында темага байланыштуу маалымат берет. Премьер – министр Ахмет Давутоглунун жетекчилигиндеги жыйында Ирак жана Сирия чек арасында ыктымалдуу «буфер зонанын» түзүлүшү да күн тартибине келет. Буфер зона ички жана тышкы коопсуздуктун негизинде кенен түрдө каралат. Айрыкча АКШнын жол башчылыгындагы коалиция өлкөлөрүнүн ИШИМге карата баштаткан операциялары да сөз болот.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар