Анкарада Министрлер кеңешинин жыйыны өтүүдө

Министрлер кеңешинин жыйынын премьер-министр Ахмет Давутоглу жетектөөдө.

134480
Анкарада Министрлер кеңешинин жыйыны өтүүдө

Министрлер кеңеши премьер-министр Ахмет Давутоглунун жетекчилигинде чогулду.
Жыйналышта ички жана тышкы абалдар каралууда.
Жыйналышта Мусулдагы башкы консулдук кызматкерлеринин жана үй-бүлөлөрүнүн куткарылуусундагы абалга да баа берилет.
Айрыкча Сирияда ИШИМ уюу менен кагылышуулардан Түркияга качкан сириялыктардын абалы жана көрүлө турган чаралар каралат.
Өкмөт башчы Давутоглу Министрлер кеңешинин жыйынынан кийин Улуттук коопсуздук кеңешинин баш катчысы Сейфуллах Хажымүфтүоглу жана Анкаранын губернатору Мехмет Кылычларды кабыл алат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар