Президент Эрдоган Катарда
Президент Эрдоган бүгүн Катардын эмири Аль Сани менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
Президент Режеп Таййип Эрдоган расмий иш сапары менен Катарга барды.
Түркиянын президентин кечээ Доха аэропортунда катардык жооптуулар тосуп алышты.
Эрдоган андан кийин Катардын мурдагы эмири Халифе Аль Санинин кечки сый тамагына катышты.
Президент Эрдоган бүгүн Катардын эмири шейх Темим бин Хамед Аль Сани менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
Жолугушууларларда Түркия-Катар карым-катнаштары, Сирия жана Ирактагы окуялар каралат.
Президент Эрдоганды энергетика жана жаратылыш байлыктары министри Танер Йылдыз, чалгындоо кызматынын кеңешчиси Хакан Фидан, мурдагы транспорт, деңизчилик жана байланыш министри Бинали Йылдырым коштоп жүрүшөт.
Тектеш кабарлар
![Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/d431/4da4/2a0f/665576b9c9569.jpg?time=1719105749)
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.