Р. Т. Эрдоган Катарга барат

Эрдогандын сапары учурунда Дохадагы түрк базарынын пайдубалын түптөө аземине да катышары билдирилди

124249
Р. Т. Эрдоган Катарга барат

Президент Эрдоган эртең Катарга барат. Президент Р. Т. Эрдоган Катар эмири Шейх Темим бин Хамад Ал Санинин чакыруусу менен эртең бул өлкөгө барат.  Президент Эрдогандын сапары учурунда Катардын эмири Шейх Темим бин Хамад Ал Сани жана ата эмир Хамад бин  Халифе Ал Сани менен да жолугушары белгиленди. 

Жолугушууларда Түркия жана Катардын ортосундагы эки тараптуу карым - катнаштар жана кызматташтык менен аймактык темалар да каралат. Эрдогандын сапары учурунда Дохадагы түрк базарынын пайдубалын түптөө аземине да катышары билдирилди. 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар