Стамбул Кореяда таанытылууда

Түштүк кореялыктар азыркы учурда Түркияга келген туристтер тизмесинде 13 – орунда

122318
Стамбул Кореяда таанытылууда

2013 – жылы Түштүк Корея Стамбул менен таанышкан. Эми болсо Стамбул мэриясы таанытуу үчүн Түштүк Кореянын Гонжу шаарына лагер курду. Гонжуда бардык проспекти жана көчөлөр түрк желектери менен кооздолду. 10 күнгө созула турган иш чарада миңдеген кореялыкка Стамбул тааныталыт.
«Стамбул Гонжуда» иш чарасынын аянты түштүк кореялык жетекчилерге караганда өлкө тарыхында маданий бир чыгармачылык үчүн курулган эң чоң аянт болуу өзгөчөлүгүнө ээ. Анятта түрк киносу, түрк театры жана түрк музыкасынан үлгүлөр сахнага чыга турган концерт бөлүмү түзүлдү. Айрыкча түрк кол өнөрлөрү таанытыла турган Капалы чаршы да бар. Бул базарда эбрудан баштап тесбих, миниатюрага чейин көптөгөн кол өнөрү менен жасалган буюмдар кореялыктарга таанытылат.
Эң оболу «дөнер» болуу менен түрк ашканасынын эң жакшы даамдары сунушталат. «Стамбул Гонжуда» 12 – сентябрда Стамбул мэри Кадир Топбаш жана кореялык жетекчилер катыша турган ачылуу программасы менен башталат.
Түркияга келген турист саны боюнча тизмеде Түштүк Корея 2012 – жылы 20 – орунду алган. 2013 – жылы Стамбулда болгон «Түштүк Корея Стамбулда» иш чараларынан кийин түштүк кореялык турист саны 35 пайызга өстү. Түштүк кореялыктар азыркы учурда Түркияга келген туристтер тизмесинде 13 – орунда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар