Президент Эрдогандын Баку сапары...

Президент Эрдоган Түштүк Кавказ газ коридорунун пайдубалын түптөө аземинин Бакуда 20-сентябрда боло турганын билдирди.

113517
Президент Эрдогандын Баку сапары...

Президент Эрдоган борбор калаа Бакуда Азербайжандын президенти Илхам Алиев тарабынан расмий салтанат менен тосулду.
Эрдогандын сапарынан улам Президенттик резиденциянын алдында аскердик салтанат уюштурулду.
Аземден кийин эки президент өз алдынча жолугушуу өткөрүштү.
Президент Эрдоган менен Азербайжандын президенти Алиев жолугушуудан кийин биргелеше маалымат жыйын өткөрүштү.
Эрдоган бул жердеги сөзүндө: «НАТО саммитинде да, өзгөчө бул саммитке карай жүргүзүлгөн бардык жыйналыштарда Азербайжанга берилген убадалар бар. Бул сөздөрдү мындан ары ал жерде да күн тартипке алып чыгып, башка өлкөлөргө берилген убадалар кандай ылдам аткарылып жатса, Азербайжанга берилген убадалардын да орундатылышын тийиштүү өлкөлөрдөн талап кыла алабыз. Бул эми бир сураныч,өтүнүч эмес, бул бир укук болуп саналат»,-деди.
Президент Эрдоган Түштүк Кавказ газ коридорунун пайдубалын түптөө аземинин Бакуда 20-сентябрда боло турганын билдирди.
Президент Эрдоган андан кийин маркум президент Гейдар Алиевдин көрүстөнүнө жана Азербайжан шейиттер эстелигине зыярат кылды.
Режеп Таййип Эрдогандын Бакудагы акыркы аялдамасы Түрк шейиттер эстелиги болду.
Таазим кылган президент ардак дептерине, «Көз карандысыз Азербайжандын пайдубалын бекемдеп жатканда баатырдык дастанын жаздыңыз, эгемендигин колго алгысы келген азербайжандык туугандарыбызга жардам берүү үчүн чуркоону милдет катары көрдүңүз»,деп жазды.
Эрдоган Азербайжандагы жолугушууларынан кийин Улуу Британияда өтө турган НАТОнун саммитине катышуу үчүн Кардиффке аттанды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар