Президент Эрдогандын Стамбулдагы кайрылуусу

Эрдоган, 10-август президенттик шайлоосунда элдин улуттук эрк үчүн ортого салган мамилесинин Түркиянын келечеги үчүн абдан маанилүү белги болгонун айтты.

108906
Президент Эрдогандын Стамбулдагы кайрылуусу

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Шайланган премьер-министр менен шайланган президент кол кармашып, буюрса Түркиябызды өнүккөн цивилизациялардан жогору чыгарабыз»,-деди.
Түркиянын 12-президенти катары 28-августта ант берип кызматын баштагандан кийин алгач ирет Стамбулга келген Эрдоган «Ататүрк» аэропортунун мамлекеттик конок үйүндө калың топ тарабынан тосулду.
Өзүн толкундануу менен күтүп жаткандарга кайрылган Эрдоган, 10-август президенттик шайлоосунда элдин улуттук эрк үчүн ортого салган мамилесинин Түркиянын келечеги үчүн абдан маанилүү белги болгонун айтты.
Эрдоган, президент караты иштерин тынымсыз уланта тургандарын баса белгилеп, эртең Түндүк Кипр Түрк Республикасынан тышкы сапарларын баштата тургандарын жана дароо артынан Азербайжанга өтө тургандарын, андан соң НАТОнун саммитине катышуу үчүн бара тургандарын баяндады.
Атуулдар президент Эрдоган сөз сүйлөп жатканда улам-улам ураан чакырышып, кубангандарын билдирип жатышты.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар