Чак Хейгл Түркияга келет

Пентагондун катчысы Хейглдын НАТО саммитинен кийин Грузия жана Түркияга келерин билдирди

108687
Чак Хейгл  Түркияга келет

 АКШнын коргоо министр Чак Хейгл келерки жумада Түркияга келет.
Пентагондун катчысы Жон Кирби журналисттерге жасаган билдирүүсүндө Хейглдин 4 – 5 – сентябрда Галлерде боло турган НАТО саммитине катышарын, андан кийин да кезеги менен Грузия жана Түркияга келерин билдирди.
Хейглдин коргоо министри болгондон кийин Түркияны биринчи жолу зыяратка келерине көңүлдөрдү бурган Кирби : «Түркия НАТО союздашы. Сирия жана Ирак менен болгон чек арага көңүл бурулганда ИШИМден келген аймактык коркунучка байланыштуу терең тынчсызданууларыбызды бөлүшөбүз»,- деди.
Кирби министр Хейглдин президент Р. Т. Эрдоган да болуу менен Түркиянын лидерлери менен мурунтадан бери келген карым – катнаштардын бар экенин жана бул зыярат эки өлкөнүн ортосундагы олуттуу мааниге ээ карым – катнаштын өнүктүрүлүүсү жактан маанилүү бир мүмкүнчүлүк катары көргөнүн белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар