Палестиналык жаралуулар Түркияга алынып келинүүдө

Дагы 33 жаралуу Афионкарахисарда дарыланат.

106132
Палестиналык жаралуулар Түркияга алынып келинүүдө

Израилдин Газага кол салууларында оор жараланган палестиналыктар дарылануу үчүн Түркияга алынып келинүүдө.
Түрк аба күчтөрүнө таандык учак эртең менен Израилге жөнөдү.
Тель-Авивдеги Бен-Гурион аэропортунан 33 жаралууну алып келе турган учак үчүнчү жолу Израилге барууда.
Улуттук медициналык куткаруучу топтун билдирүүсүндө, учактын мындан мурда да эки жолу Израилге барып келгени жана 41 жаралуунун Түркияга алынып келингени эске салынды.
Палестиналык 33 жаралуунун дарылануу үчүн Афионкарахисарга алынып келине турганы билдирилди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар