Палестиналык жаралуулар Түркияда дарыланып жатышат

Кечээ дагы 23 жаралуу Түркияга алынып келди.

98165
Палестиналык жаралуулар Түркияда дарыланып жатышат

Түркия газалыктарга жардам көрсөтүүдө.
Израилдин кол салууларында жараланган дагы 23 газалык кечээ Түркияга алынып келди.
Жаралуулардан төртөөнүн абалынын оор экени билдирилди.
Жаралууларды Стамбулдагы Сабиха Гөкчен аэропортунда вице-премьер Эмруллах Ишлер тосуп алды.
Ишлер жаралуулардын 14үнүн балдардан турганын, булардан төртөөнүн абалынын оор экенин баса белгиледи.
Вице-премьер жаралууларды коштоп келгендердин Түркия үчүн дуба кылып ырахмат айткандарын билдирди.
Тынчтыкты орнотуу үчүн эл аралык жамааттын кыймылга өтүүсү керектигин да баса белгилеген Ишлер: «Биз Түркия катары тынчтыктын, ырааттуулуктун түзүлүүсү үчүн өз милдетибизди аткаруудабыз»,-деди.
Жаралуулар Картал билим берүү жана изилдөө ооруканасы менен Пендик билим берүү жана изилдөө ооруканаларында дарыланышат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар