Палестиналык жаралуулар Түркияда дарыланышууда
Дагы 18 жаралуу Газа тилкесинен жолго чыкты.
Израилдин Газага кол салууларында жараланган 18 палестиналык, Түркияда дарыланыш үчүн Газа тилкесинен жолго чыкты.
Чет өлкөдө дарылануу башкармалыгынын директору др. Яхья Хыдыр палестиналык 18 жаралуунун Түркияга жиберилүүсү максатында Израиль менен Газа тилкесинин ортосундагы Эрез чек ара капкасынан Израилге өткөндөрүн айтты. Хыдыр жиберилген кишилердин оор жаралангандар экенин белгиледи.
Хыдыр Газа тилкесинен Түркияга жалпы 200 жаралуунун жибериле турганын сөз кылып: «Калган оорулуулар дарылануу максаты менен чет өлкөгө чыга алуулары үчүн Израиль башкаруучулугунан виза алууну күтүүдө»,-деди.
Израилдин Газа тилкесине кол салууларында жаракат алган 7 палестиналык Израиль менен Иерусалимде дарыланып жаткан ооруканалардан Түркияга алынып келген эле.
Түрк куралдуу күчтөрүнө таандык C-130 үлгүсүндөгү учак эртең менен Этимесгуттагы аскердик аэропорттон Тель-Авивдеги Бен-Гурион аэропортун көздөй жөнөп кетти.
Израилдин Газага карай кол салууларында 1 миң 951 киши каза болуп, 10 миң 193 киши жаракат алган болчу.
Тектеш кабарлар
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.