Жаралуу үч палестиналык Түркияга алынып келди

Палестиналык жаралуулар Стамбулдагы Пендик билим берүү жана изилдөө ооруканасына жаткырылды.

87738
Жаралуу үч палестиналык Түркияга алынып келди

Израилдин Газага карай кол салуулары убагында жаракат алган дагы 3 палестиналык Түркияга алынып келди.
Кол салууларда жаракат алган үч палестиналык премьер-министр Режеп Таййип Эрдогандын буйругу менен Түрк кызматташтык жана координация агенттиги ТИКА тарабынан Каирден Түркияга алынып келинди.
Түрк аба жолдорунун тарифтүү каттамдары менен саат 23:40та Каирден Стамбулга алынып келген үч жаралууну 3 жакыны коштоп жүрдү.
Аэропортто ТИКАнын жооптуулары тарабынан тосулуп алынган жаралуулар учактан тез жардам унааларга алынды.
3 палестиналык андан кийин Стамбулдагы Пендик билим берүү жана изилдөө ооруканасына жаткырылды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар