Шайлоо тууралуу сереп салуулар

Адистер жана журналисттер шайлоо жыйынтыгынын Түркиянын келечегине чагылышуусуна жана саясатка тийгизе турган таасирлерине баа беришти.

87014
Шайлоо тууралуу сереп салуулар

Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын 12-президенти болуп шайланды, шайлоо жыйынтыктарына Түркия радио-телеберүү мекемеси (ТРТда) да ар тараптан баа берилди.
Адистер жана журналисттер шайлоо жыйынтыгынын Түркиянын келечегине чагылышуусун жана саясатка тийгизе турган таасирлерине баа беришти.
ТРТ-Хабер жана спорт берүүлөрү бөлүмүнүн башчысы Насухи Гүнгөр бул шайлоолордун Түркиядагы саясий архитектураны толугу менен өзгөртө турганын белгилеп: «Мен лидерлер жана кадрлар жагынан маанилүү өзгөрүүлөрдү күтүүдөмүн»,-деди.
Адистер шайлоону дагы жыйынтыгын дагы ТРТ көрүүчүлөрү менен бөлүшүштү.
АНАР изилдөөсүнүн башкы директору Ибрахим Услу шайлоонун тартуучу талапкеринин Элдик демократия партиясынын талапкери Селахаттин Демирташ экендигин белгилеп, партиянын тарыхында алгач ирет Түркиянын жалпысына кайрыла баштаганын баса белгиледи.
Жаңы саясий тил түзө баштаганын баса белгилеген Услу, Жумурият элдик партиянын шайлоочуларынын Элдик демократия партиясынын жетекчисине добуш бере баштаганын белгилеп өттү.
«Стар» гезитинин Анкара өкүлү Мустафа Картоглу президенттиктин өкүлдүк кызматы эмес, саясий кызмат экендигин, мунун ичкерисинде бир аз аткаруу милдети, бир аз өкүлдүк милдети болгонун, бирок дагы көп өлкөгө лидерлик кылуу милдети жатканы жактырылганын белгиледи.
Түркия Экономика саясаттарын изилдөө фондунун изилдөөчүсү Нихат Али Өзжан да Эрдогандын президент болуп шайланышы менен бирге Түркиянын Газа, Сирия жана Ирак темасында токтом чыгаруу процессинде, кыймылдуулук жөндөмдүүлүгүн дагы да ылдамдата турганын айтты.
Өзжан мунун бир мүмкүнчүлүк катары көрүлгөнүн белгилеп өттү.
Түркиянын жаңы президентинен күтүүлөр да сүйлөшүлдү.
СЕТА саясий изилдөөлөрүнүн директору Хатем Эте, Түркиянын алдында кандай болсо да жаңы саясат мезгили ачылганын белгилеп, «Бир барак жабылды, жаңы бир барак ачылды»,-деп айтты.
Эте: «Мыйзам чыгаруунун дагы аткаруунун дагы кыймылдуулугун көрүп жана сезе турган президент көрүнүшү бар»,-деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар