Түркиянын бажыканаларында шайлоо үкөктөрү курулду

Чет өлкөдө жашаган шайлоочулар 10-августка чейин добуш бере алышат.

72024
Түркиянын бажыканаларында шайлоо үкөктөрү курулду

Түркияда президенттик шайлоолору үчүн бажыкана капкаларында жана аэропорттордо добуш берүүлөр башталды.
Чет өлкөдө жашаган шайлоочулар 10-августка чейин добуш бере алышат.
Президентти шайлоо үчүн добуш берүү процедурасы кечээ саат 08:00де башталды.
Жалпы өлкөдө 44 бажыкана капкасында жана аэропорттордо үкөктөр курулуп, добуштар салына баштады.
Эдирнедеги Капыкуле чек ара капкасында добуш берүү үчүн эрте келгендер бар эле.
Силопидеги Хабур капкасында да президенттик үчүн алгачкы добуштар берилди.
Деринже, Ташужу, Бодрум жана Айвалыктагы деңиз бажыкана капкаларында добуш берүүчү үкүктөр курулду.
Анталья,Даламан, Хатай, Адана, Газиантеп аэропортторунда да президенттик шайлоого кызыгуу чоң эле.
Сирия чек арасындагы Жилвегөзү жана Йайладаг чек ара капкасында болсо чек арага жакын жердеги кагылышуулардын себебинен добуш берилбей турат.
Чет өлкөдөн келген шайлоочулар 10-августка чейин добуштарын бере алышат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар