Р. Т. Эрдоган өнөр - жайчылардын ооз ачуу тамагына катышты
Р.Т. Эрдоган Түркиянын анти - семитист катары көрсөтүүгө аракет кылышкандарын айтты.
Премьер – министр Р. Т. Эрдоган эч бир укук жана эл аралык эрежелерди кабыл албаган Израилге каршы Түркияны «анти – семитист» сыяктуу көрсөтүүгө аракет кылынганына көңүл буруп : «Калкыбыздын жана өлкөбүздүн тарыхында анти – семитизмдин тарыхында анти – семитизм бүгүн да жок, эртең да болбойт»,- деди. Премьер – министр Эрдоган Стамбулда бардык өнөр – жайчы жана ишкерлер коомунун ооз ачуусуна катышты. Эрдоган ооз ачууда Израилге каршы чыккан Түркияны жок кылууга аракет кылынганына көңүлдөрдү бурду. «Азыркы учурда бизди анти - семитизм сыяктуу көрсөтүү аракеттери бар, анти – семитист болгонубуз үчүн эмес, бул жалаа менен бизди жок кылууну каалап жатышат»,- деген Эрдоган : «Анти - семитизмдин дүйнөдө адамзаттык кылмыш экенин айткан балким да дүйнөдө биринчи мусулман премьер – министрмин»,- деди. Эрдоган сөзүндө Израиль терроруна каршы чыкпаган Египет башкаруусун да сынга алды.
Тектеш кабарлар
![Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/d431/4da4/2a0f/665576b9c9569.jpg?time=1719035455)
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.