Израилге карата учак каттамдары токтотулду

Европа өлкөлөрү да Израилге учууларды токтотушту

68266
Израилге карата учак каттамдары токтотулду

Түркия Израиль Тель Авив Бен Гурион аэропортуна жасала турган учак каттамдарын саат 22ден баштап бир күндүк мөөнөт менен токтотту. АКШ жана кээ бир Европа өлкөлөрү да Израилге учууларды токтотушту.
Транспорт, деңизчилик жана кабарлашуу министрлиги : «Израиль Тель Авив Бен Гурион аэропортундагы коопсуздуктан улам түрк ташуучуларынын каттамдары саат 22ден баштап 24 саттык убакыт менен Жарандык авиациянын башкы директорлугу тарабынан токтотулду»,- деген билдирүү жасады.
Түрк аба жолдорунун Стамбул – Тель Авив каттамын аткарган эки жүргүнчү учагы Бен Гурион аэропортунун жакынында болгон кагылышуулардан улам кечээ түнү Ататүрк аэропортуна кайтып келди.
Түрк аба жолдорунун басма сөз кеңешчиси Али Генч социалдык бөлүшүү сайтынан жасаган билдирүүсүндө : «Түрк аба жолдору азыркы учурдагы шарттарга баа берүү менен Тель Авив каттамдарын 24 сааттык убакыт менен токтотуу чечимин чыгарды»,- деди. Генч абалдын жакындан иликтенгенин белгилеп : «Абалдарга карата учуулар тууралуу чечим каралып чыгат»,- деп баа берди. АКШ, Германия, Норвегия, Франция жана Канада да Тель Авивге жасаган каттамдарын токтотконун билдиришти.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар