Президенттикке талапкер Экмеледдин Ихсаноглу Коньяга барды

Экмеледдин Ихсаноглунун күн тартибинен да Газа орун алды

64330
Президенттикке талапкер Экмеледдин Ихсаноглу Коньяга барды

Президенттикке талапкер Экмеледдин Ихсаноглу шайлоо үгүттөрүнүн негизинде Коньяда жолугушууларды өткөрдү. Жума намазын Хажы Вейисзаде мечитинде окуган Ихсаноглу намаздан кийин Мевлана музейин да зыярат кылды. Экмеледдин Ихсаноглунун күн тартибинде да Израилдин Газага карата жасаган операциясы орун алды. Ихсаноглу Израилге каршы эл аралык тармакта таштала турган кадамдарга көңүлдөрдү бурду. Эми БУУнун мүчөсү болгон Палестинанын Женевада Адам Укуктары Комиссиясынан далилдер жана аныктамалар менен Израилдин согуштук кылмыш жасагагына байланыштуу чечим чыгарта аларын же Эл аралык Жаза Сотуна бара аларын белгилеген Ихсаноглу ислам өлкөлөрүнүн Палестинаны бул темада колдоосу керектигин айтты. Президенттик шайлоо тууралуу да сөз сүйлөгөн Ихсаноглу : «Өлкөдө ыраатуулуктун улантылуусун, тынчтыктын түзүлүшүн каалайбыз»,- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар