Давутоглунун дипломатиялык сүйлөшүүлөрү уланууда

Давутоглунун Сауд Арабстан жана катардык кесиптештери менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө да Газадагы акыркы абал каралды.

133644
Давутоглунун дипломатиялык сүйлөшүүлөрү уланууда

Тышкы иштер министр Ахмет Давутоглу Хамастын саясий кеңсесинин башчысы Мешаль менен Катар жана Сауд Арабстандын тышкы иштер министрлери менен сүйлөштү.
Тышкы иштер министр Ахмет Давутоглу Израилдин Газага карай кол салуулары туурасында телефон аркылуу жүргүзүп жаткан дипломатиялык сүйлөшүүлөрүнүн алкагында Хамастын саясий кеңсесинин башчысы Халид Мешаль, Катардын тышкы иштер министри Халид Бин Мухаммед аль-Аттийе жана Сауд Арабстандын тышкы иштер министри Эмир Сууд аль-Файсал бин Абдулазиз менен сүйлөштү.
Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка ылайык Давутоглу Мешаль менен сүйлөшүүсүндө Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббастын Түркия сапарынын алдында өз пикирлерин бөлүштү.
Давутоглу менен Мешаль Газадагы акыркы кырдаалга да токтолушту.
Давутоглунун айрыкча Катар жана сауд арабстандык кесиптештери менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө да Газадагы акыркы абалдын каралганы билдирилди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар